Немис тили б/ча Гёти институтунун Олимпиадасы-2022.
	Кечээ 6-апрель күнү Бишкектеги Гёте институту уюштурган немис тили боюнча Республикалык Олимпиадада биздин УИТМЛдин окуучулары катышышып, төмөнкүдөй жогорку деңгээлодеги Ийгиликтер менен келишти:
	Немис тили боюнча Гёте институту тарабынан уюштурулган  Республикалык олимпиадада 10- м6 классынын окуучусу  Жеңишбек кызы Айэлина 2-баскыч А2 деңгээли боюнча 1-орун алды. Жетекчиси: немис тили мугалими Анипа Чороева. 
	Немис тили боюнча Гёте институту тарабынан  уюштурулган  Республикалык олимпиадада 11- т2 классынын окуучусу  Кубанычбекова Айжанат 3-баскыч B1 деңгээли боюнча 3-орун алды. Жетекчиси: немис тили мугалими Майрам Касаболотова.
	Немис тили боюнча Гёте институту тарабынан уюштурулган  Республикалык олимпиадада 10- м2 классынын окуучусу  Камалидинова Гүлзада 2-баскыч А2 деңгээли боюнча 3-орун
	алды. Жетекчиси: немис тили мугалими Анипа Чороева.
	Окуучуларыбызды жана алардын мугалимдерин да жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз!!!!






