Сабакты өздөштүрүүдө мектеп формасынын мааниси канчалык?
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 17-21- октябрь аралыгында бир жумалык 11- м1 классынын окуучулары тарабынан мектеп окуучусунун тартиби, формасы, сабакка кечигүүсү боюнча 8-11- класстардын арасында түшүндүрүү акциясын өткөрүштү. Жумалык акцияда эң мыкты деп 10- м1,10- м2,8- м1 класстары аныкталды. Жыйынтыгында 10- 11- класстардын арасында "Сабакты өздөштүрүүдө мектеп формасынын мааниси канчалык?"-деген темада дискуссия болуп ѳттү.