Немис тили сахнада

2022-жылдын 2-ноябрынан 4-ноябрына чейин Казакстан Республикасынын Алматы шаарында болуп өткөн "Немис тили сахнада" деген темадагы жаштар театр-фестивалына профессор  А.Молдокулов атындагы УИТМЛдин немис тили мугалимдери Ибраимова Дилбара, Касаболотова Майрамдын жетекчилиги менен 8-9 класстын окуучулары катышып, "Немис тилин мыкты сүйлөгөндөр" деген номинацияга ээ болушту. Бул фестивалда бир чыгарманы мектеп-лицейдин окуучулары сахналаштырып, ар бир каармандын ролун ачып, актерлук чеберчилик менен жогорку деңгээлде көрсөтүп беришти. Немис тили мугалимдери окуучуларга немис тилин гана үйрөтпөстөн актёрлук чеберчиликтерин, каармандардын ролун ачып берүүдө ички сезимдерди эмоциялар аркылуу берүүнү,  сахна маданиятын үйрөтүшүп, режиссёрлук милдетти да аткарышты. Талыкпаган эмгектин жана даярдыктын натыйжасында окуучулар эң сонун номинацияга ээ болушуп, диплом менен сыйланышты.

Фестивалдын жүрүшүндө катышуучулар түрдүү тренингдерде катышышты. Тренингдерге өз ойлорун айтуу менен чектелбестен, ички сезимдерди эмоциялар аркылуу көрсөтүүнү, бир учурда бирдей кыймыл-аракет жасоону, түрдүү кырдаалдардан чыгууну, топтордо активдүү иш алып барууну, тактап айтканда сахна маданиятын үйрөнө алышты.

Бул иш чара окуучулардын немис тилине болгон кызыгууларын арттыруу менен бирге, келечекке ишенимдүү кадам таштоого, көз караштарды өзгөртүүгө жана учурдун талабына ылайык терең билим алууга шыктандырды.

Окуучулар жаңы досторду табышып, эсте калаарлык эң сонун күндөрдү өткөрүштү.

Бул фестиваль - кошуна өлкөлөр менен достук мамиледе болууга жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө чоң өбөлгө түздү.

Бул фестивалды уюштурган жана ийгиликтүү, жогорку деңгээлде өткөргөн Казакстандагы Гёте-Институтуна, Республикалык Немис драм-театрына ыраазычылык билдиребиз.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru