Информатика - бүгүнкү күндө
Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде информатика кафедрасынын декадасы “Информатика бүгүнкү күндө” - деген темада болуп өттү. Декада мезгилинде предметтик жана тарбиялык ачык сабактар ѳтүлдү. Ошондой эле сабактан сырткары окуучуларга “Алтын түйүн” Улуттук инженердик техникалык академиясына(7-класстар), окуучуларды кесипке багыт берүү максатында А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы экономикалык техникумга(9-класстар) экскурциялар уюштурулуп, “Информатика – аалам терезеси”- темасынын алкагында информатика сабагы боюнча сүрөт конкурсу(6-класстар арасында), “Информатика дүйнөсүндө” - темасында Мыкты презентация (8-класстар арасында), информатика предметине байланышкан мыкты моделдерди жасоо(9-класстар арасында) ошондой эле 10-класстардын окуучуларынын арасында “Акыл ордо” интеллектуалдык оюн уюштурулду.