Психология жумалыгы
УИТМЛдин жатаканасында "Психология жумасы" болуп өттү. Жума ичинде ар бир күндүн темасы боюнча иш чаралар өткөрүлдү. Комплимент күнү, сылыктыкка чакыруу күнү, окууга мотивация берүү күнү, ата- энелерге ыраазычылык күнү, мугалимдерди даңктоо күнү жана жыйынтыктоо кечеси уюштурулду.
Тарбиячылар жана окуучуларга жагымдуу маанай тартууланып, кызыгуу менен окуучулардын ички сезимдери эмоциялар менен айкалышкан жагымдуулук байкалып турду. Ар дайым мектеп-лицейибизде жагымдуу сезимдер гана кездешсин.