Кыргызстандын жаратылышын коргоо жана тарыхый баалуулуктарын сактоо
Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде "Кыргызстандын жаратылышын коргоо жана тарыхый баалуулуктарын сактоо" - деген теманын алкагында тарых-география кафедрасынын декадасы болуп өттү. Декада мезгилинде көрсөтмөлүү ачык сабактар жана иш чаралар өткөрүлүп, окуучуларды жогорку окуу жайларга экскурцияга, музейлерге алып барышты.