Нооруз же жаңы күн
Күн менен түн тогошкон 21-мартты чыгыш элдери Нооруз же “Жаңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келет. Мына ушул нооруз майрамын Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин эмгек жамааты сүмѳлѳк кайнатып, ыр-кесе уюштуруп, кыргыз элинин улуттук тамак аштарын даярдап, концерттик номерлерди аткаруу менен кѳңүлдүү тосушту.