Акыл Ордо интеллектуалдык таймаш
Кыргыз тили, математика, мен жана дүйнө предметтеринен өтүлгөн темаларды кайталоо, окуучулардын билимдерин бышыктоо максатында «Акыл Ордо» интеллектуалдык таймаш мектеп-лицейдин 3-класстарынын окуучуларынын арасында болуп өттү. Жеңүүчүлөр жана активдүү катышкан окуучулар белектер, мектеп-лицейдин грамотасы менен сыйланышты.