Гимназияда жаш адистер жумалыгы өткөрүлдү

09-04, 21-04 Гимназияда жаш адистер жумалыгы өткөрүлдү

Гимназиядагы жаш мугалимдердин бирикмеси жогорку окуу жайын бүтүп келген, педагогикалык ишинде тажрыйбасы жок мугалимдерден түзүлөт. Жаш мугалим катары даярдыктан өтүү мөөнөтү 3 жыл.

2017-2018-окуу жылынын апрель айында гимназиянын жаш мугалимдеринин (жалпы саны-14) жумалыгы өткөрүлдү. Жаш адистердин жылдык иштерине анализ жүргүзүү максатында, ачык сабактарына катышып, иш-кагаздары текшерилди.

Педагогикалык жамаатка жаш мугалимди көнүктүрүү, жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсүнөн мугалимдик ролго бекемдөө жана предметти боюнча сабак берүүнүн методикасын үйрөтүү максатында жыл ичинде жаш мугалимдерге бир нече семинарлар, мастер класстар өткөрүлдү.

 

Жаш адистин милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин макамы жөнүндө» Мыйзамдарын, өз ишмердигин, мектептин түзүмүн, иштөө өзгөчөлүктөрүн жана функционалдык милдеттерин аныктоочу ченемдик актыларды окуп-үйрөнүү;
  • өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча дайыма иштөө;
  • насаатчыдан жаңычыл усулдарды жана иштөө ыкмаларын үйрөнүү;
  • өзүнүн жалпы билим жана маданий деңгээлин өркүндөтүү;
  • насаатчы менен бирге иштелип чыккан планга ылайык, өз ишмердиги жөнүндө отчет берип туруу.
  • өз ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын мектеп жетекчилеринин кароосуна коюу;
  • кесиптик ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо;
  • өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу;

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru