Психология жумалыгы
2023 - жылдын 20- ноябрынан 25- ноябрына чейин профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин жатаканасында "Психология жумасы" болуп өттү. Бул жумада окуучуларга жагымдуу маанай тартууланып, бири - бири менен бирге иш алып барып, окуучулар арасында ынтымакка, биримдикке чакыруу жана жан дүйнөсүнө өзгөчө көңүл буруу менен коштолду.
Максаты: Окуучуларга жагымдуу маанай түзүү
Дүйшѳмбү: “Комплимент күнү”
Дубал газетанын темасы: “Жылмаюу- ийгиликтин кадамы”
Жооптуу группа: 5-7-класс кыздар
Тарбиячы: Н.Борсокбаева
Шейшемби: “Кечиримдүүлүк күнү”
Дубал газетанын темасы: “Жатакана-окуучулардын кѳзү менен”
Жооптуу группа: 8-9-класс кыздар
Тарбиячы: Г. Сулейманова
Шаршемби: “Сезим күнү”
Жооптуу класс: 5-7-класс балдар
Дубал газетанын темасы: Жагымдуу ой- жан дүйнѳнүн азыгы”
Тарбиячы: Калилова З.
Бейшемби: “Жагымдуу энергия жана кучакташуу күнү”
Дубал газетанын темасы: “Толеранттуулук жан дүйнѳбүздѳ жана жүрѳгүбүздѳ”
Жооптуу группа: 8-11-класс балдар
Тарбиячы: Шейшеналиева Г.
Жума: “Сүйүү күнү”
Дубал газетанын темасы: “Баарыбыз ар башкабыз, бирок баарыбыз биргебиз”
Жооптуу группа: 10-11-класс кыздар
Тарбиячы: Жунушалиева А. уюштуруп, жатакананы эң кызыктуу жумага бөлөштү.