Кана эмесе, кыздар!
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий- адеп-ахлактык жана дене тарбиясы жөнүндөгү" жарлыгынын алкагында профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата, 10-класстардын кыздар арасында “Кана эмесе, кыздар!” спорттук мелдеши болуп өттү. Шамдагай жана күчтүүлүктөрү менен өзгөчөлөнүп:
1. 10-м4 классы 1- орун,
2. 10-т3 классы 2-орун,
3. 10-м6 классы 3-орунга ээ болушту.
Ден соолукту чыңдап, сергек жашоо образын түзүү максатында өткөрүлгөн спорттук мелдеш өз максатына жетип, жакшы маанайда жыйынтыкталды.