Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-майда Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары жана бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроо салтанатына катышты.

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-майда Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары жана бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроо салтанатына катышты.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, бүгүнкү күндө республиканын 60 миңге жакын бүтүрүүчүлөрү орто мектепти аяктап жатканын эскертти.

Президент Сооронбай Жээнбеков №5 мектеп-гимназиянын тарыхына токтолуп, анын 90 жылдан ашкан санжыралуу тарыхы бар экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы эске салгандай, ушул мектептен белгилүү киноактер Сүймөнкул Чокморов, чыгаан кинорежиссер Төлөмүш Океев, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, залкар адабиятчы жана ойчул Салижан Жигитов, легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов жана башка көптөгөн белгилүү инсандар билим алган.

Президент мамлекет билим берүүгө өзгөчө көңүл бөлүп жатканын белгиледи. Ырааты менен жаңы мектеп стандарттары киргизилүүдө, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базалары жаңыланып, жаңы мектептер салынууда.

“Билим берүүгө бюджеттен жылына миллиарддаган сомдор жумшалып жатат. Биз келечегибизге инвестиция кылып жатабыз, себеби биздин келечегибиз бүгүн мектеп партасында, студенттик аудиторияларда олтурган жаш кыргызстандыктарга байланыштуу. Биз өлкөбүздүн алыскы аймактарынан келген балдарга татыктуу билим берүүгө умтулуп жатабыз, - деди Президент. - Ар бир айылдан келечекте өлкөнүн керегине жарай турган жөндөмдүү балдар чыгат”.

Ал балдарга билим берүүгө бардык күч-аракетин жумшап, өмүрүн арнаган мугалимдерге терең ыраазычылык билдирип, аларга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана иштерине ийгилик каалады. Эгемендүү Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн мындан ары дагы бардык күч-аракеттерди жумшай бериштерине тилектештигин айтты.

Мамлекет башчысы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кайрылып, мугалимдердин эмгегин баалагыла, ата-энеңердин ишенимин актагыла, деди.

“Кыргызстан – илим-билимге умтулган жаштардын мамлекети! Мекениңерди – Кыргызстанды кадырлагыла. Мамлекеттин келечеги силерсиңер! Турмуш жолу сыдыргыга салгандай түз болбойт. Турмуштун утурумдук кыйынчылыктарына моюн сунбагыла. Көздөгөн максатыңар үчүн тынымсыз, талыкпай күрөшкүлө! Ар дайым алдыга – жакшылыктарды карай, билимге, жаратмандыкка умтулгула. Мезгили келгенде мамлекеттин тагдыры силердин колуңарга өтөт. Ошол жогорку милдетиңерди татыктуу аткарасыңар деп ишенем! Жолуңар ар дайым ачык болуп, чоң турмушка сапарыңар байсалдуу болсун!”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине президент мектепти бүтүрүп жаткан балдары жумшаган баардык мээнет, үмүт-тилектерди актап, тарбиясы жетик, ыймандуу адамдардан болушсун, деп каалады.

Мамлекет башчысы Улуттук гимназиянын директору Муратбек Касымалиевге компьютердик класс үчүн техника алууга сертификат тапшырды.

Ошондой эле ал бүтүрүүчүлөр менен баарлашып, дагы бир жолу мектептин аякташы менен куттуктап, аларга жакшы каалоо-тилектерин айтты. Кыргыз Республикасынын Президенти бүтүрүүчүлөргө “Манас” эпосун белек катары тапшырды. 
Толугураак http://bilim.akipress.org/kg/news:346217//?f=cp

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru