Экологиялык билим-бүткүл адамзаттын коопсуз келечеги
Мектеп-лицейде 22-апрель Эл аралык жер күнүнө карата мектеп-лицейдин "Көк толкун" жаш экологдор ийрими, жетекчиси А. С. Токтоналиева Германиянын жаратылышты коргоо Naby уюмунун экология боюнча адиси Казакбаева Алтынкуль Мукашовна жана экологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Атабаева Назгул Маметиновна менен биргеликте "Экологиялык билим-бүткүл адамзаттын коопсуз келечеги" темасында практикалык тренинг сабак өтүштү
Анда жаш экологдор:
1. Экологиялык билим, коомдогу экологиялык жоопкерчилик
2. Набу уюмунун иштери
3. Адамзатынын коопсуз жашоо булактары тууралуу, талдап билишти, видеофильм, презентациялар менен таанышып, ой бөлүшүштү