АЛТЫН ТАМГА
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейибиздин сыймыгын арттырган окуучуларыбыз Канатова Нурзат Канатовна, Саматова Мадина Курбанбековна өздөрүнүн мыктылыгын дагы бир ирет далилдешти. 2024-жылдын 14-майында «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын стандартташтырылган тест түрүндө тапшырышты. Тесттин жыйынтыгы менен "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын алууга билимин тастыкташты.