Мугалим ардактуу кесип

Мугалим-ардактуу  кесип

Мугалим бул бир мөмөлүү дарактай,

Билим алам улам аны барактай.

Табиятты жаш муундарга таанытып,

Талбастыгы ташка тамга баскандай.

 

Баалайлычы мугалимдин кадырын,

Мартабасын, зоболосун, сабырын.

Мүрөк суудай аруулукту ыроолойм,

Мугалимдер аман болсун ар дайым- демекчи...

 

"Мугалим" кандай гана ардактуу сөз! Ал кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын терен акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак, баё көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине арнап, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан деп билем. Чынында мугалимдик кесип – өтө түйшүктүү жана ошол эле учурда ардактуу кесип десем эч жанылышпайм, анткени мугалимдер ѳз ѳмүрүн балдарды тарбиялоого, ѳлкѳнүн келечегине арнайт.

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да аздык кылат.

Арыбаныздар-МУГАЛИМДЕР!!!

Видеонун сценарийин жазып, тарткан УИТМЛдин тарых мугалими Беккелдиева Бактыгүл
Монтаждаган: УИТМЛдин программисти Токонбеков Элдос Каныбекович
Ролдордо ойногондор УИТМЛдин окуучулары жана мугалимдери...
 
Видеону төмөнкү ссылка аркылуу кирип көрсөңүздөр болот:

Мугалим ардактуу кесип

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru