Химияны окутуунун технологиялары
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен тыгыз иш алып барууда. Мектеп-лицейдин мугалимдери үчүн КТУнун кызматкерлери эки (теориялык жана практикалык) бөлүктөн турган семинар уюштурушту. Теориялык бөлүгүн академик Мира Бактыбековна өтүп, химияны окуутуунун технологиялары боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү, ал эми практикалык бөлүгүн Молдоканова Динара өттү. Семинардын жыйынтыгында мугалимдер 48 сааттык сертификатка ээ болушту.