Ак жол сага бүтүрүүчү!

Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 2023-2024-окуу жылынын 11-классты ийгиликтүү бүтүрүп жаткан 217 бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими жөнүндө аттестаттар жана 9-класстын 324 бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими тууралуу күбөлүктөрдү тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 
Алгач, мектеп-лицейибизди жалаң “5” деген баа менен аяктап,  “Алтын тамга” сынагынан ийгиликтүү өтүп, өзгөчө үлгүдөгү аттестатка татыктуу болушкан ардактуу бүтүрүүчүлөрүбүз 11-м1 классынын бүтүрүүчүсү  Канатова Нурзат жана 11-т1 классынын бүтүрүүчүсү  Саматова Мадинага ийгиликтерди каалоо менен бирге кызыл аттестаттары тапшырылды.
 
Урматуу бүтүрүүчүлөр, жолуңар шыдыр, келечегиңер кең болсун! Силерге жаркын келечек, чын ден-соолук, каалаган ой-максатыңарга жетүү үчүн чечкиндүүлүк, туруктуулук жана талыбаган эмгекчилдик каалайбыз. Бүткүл элибиз силерден билимдүүлүктү, акылмандуулукту, улуу ачылыштарды күтөт. Элибиздин үмүт-тилегин актаган татыктуу уул-кыздардан болгула!

Ак жол сага бүтүрүүчү!

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru