1-сентябрь: Жаңы окуу жылына карата психологдун кеңеши

-Каникулдан кийин балдар кантип ыңгайлаша алат?

- Жаңы окуу жылында кимдер көбүрөөк көңүл бурушу керек, окууга болгон кызыгууну эмнелер жаратат?

- Үй-бүлөдө тарбия эмне үчүн жакшы, балдар чындап эле ийримдерге муктажбы?

   Узакка эс алуунун шексиз пайдасы да, кээ бир терс кесепеттери да бар. Мисалы ,  окуунун ритмине кайтып келүү, күндөлүк режимди сактоо, үй тапшырмага даярдануу, изденүү, кошумча курстарга баруу.

Ата-энелерге кеңеш

Күнүмдүк тартип ийгиликтүү адаптациянын негизи болуп саналат.

  Балдардын жайкы каникулдарды жакшы көрүшүнүн бирден бир себеби – күнүмдүк тартиптин жоктугу жана эртең менен эрте туруп кечинде бир убакта уктоо зарылчылыгы. Ата-энелер кабыл алынган эрежелерден четтеп кетүүгө жол беришет жана мунун эч кандай жаман жери жок. Бирок, ар бир нерсенин өз убагы бар, мектеп башталышына эки жума калганда, баланы акырындык менен "мектеп тартибине" кайтаруу керек.

   Дени сак, узак мөөнөттүү уйку баланын нормалдуу өнүгүшүнө гана таасирин тийгизбестен, жемиштүү билим берүү иш-аракеттеринин негизи болуп саналат, ошондуктан биринчи кезекте түнү телевизор, телефон көрүүдөн баш тартып, аларды кечки сейилдөө менен алмаштыруу керек. Бул балага тез жана бекем уктап калууга гана жардам бербестен, келечектеги өзгөрүүлөр үчүн сигнал катары кызмат кылат.

Жаңы окуу жылында кимдер үчүн  кыйын болот?

  Биринчи класстын окуучулары мектепке чейинки курактан мектеп окуучуларына өтүп, алардын жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөр болот. Бирок алар гана эмес, көбүрөөк көңүл бурууга муктаж. Бешинчи жана тогузунчу класстын окуучулары кыйын мезгилге туш болушу мүмкүн. Бешинчи класстын окуучулары кенже класстан орто мектепке өтүп жатышат, тогузунчу класстын окуучулары биринчи жолу экзамен беришет. Ошондой эле класстарды же мектептерди алмаштырган "жаңылар окуучулар". Аларга ата-энелер тарабынан өзгөчө колдоого муктаж. Анткени алардын бир чөйрөдөн экинчи чөйрөгө калыптануусуна убакыт жана көңүл буруу талап кылынат.  Жаңы окуу жылында он биринчи класстын окуучуларын оор этап күтүп турат. Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүү үчүн даярдыктарды көрүү, мамлекеттик экзамен тапшыруу, мектеп менен коштошуу ж.б.у.с.

Биринчи класстын окуучусуна кантип жардам берүү керек?

  Биринчи класстын окуучуларынын ата-энелери бала мурдагыга салыштырмалуу   чарчап, денеси жаңы графикке көнүп калганга чейин кам көрүп, көмөктөшүп туруулары абзел.  Күнүмдүк тартипти сактоо мектеп жашоосуна көнүүгө жардам берет: эрте уктоо, туура тамактануу жана жаратылышта сейилдөө. Окуучу мектепте өзүн жакшы сезиши үчүн ал материалды түшүнүп, ийгиликке жетип жатканын сезиши керек. Эгерде бала мектепте берилген материалды кабыл ала албай жатса, анын себебин аныкташ керек: балким анын ден соолугу начар, алаксып же бат чарчайт.

 

Келечекте окууга болгон кызыгууну кантип сактоо керек?

   Академиялык мотивация мектепке чейинки жана кенже мектеп курагында калыптанат. Окууга болгон каалоо, позитивдүү эмоционалдык маанай үй бүлөдөгү жашоо тиричиликке, мамилеге көз каранды болот.

 

Ilustração de sessão de terapia infantil | Vetor Premium

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru