Биринчи сентябрь- Билим күнү!
Кымбаттуу мектеп окуучулары, педагогдор жана ата-энелер!
1-сентябрь Билим күнү майрамыңыздар менен!
Адам үчүн бардык баалуулуктардын ичинен эң негизги байлык – бул билим. Таанып-билүү процесси түгөнгүс, анын чокуларына барчу жол тикенектүү жана татаал. Азыркы жашоодо жакшы билимсиз ийгиликке жетүү мүмкүн эмес.
Бул майрам ар бирибиз үчүн чоң мааниге ээ. Анда жагымдуу толкундануу жана кыйынчылыктар, кубанычтуу күтүүлөр жана үмүттөр бар.
Өмүрүндө биринчи жолу мектеп коңгуроосунун үнүн угуп, мектеп босогосун аттап жаткан 1-класстын окуучулары үчүн өзгөчө маанилүү күн.
Жаңы окуу жылы алдыга койгон асыл максаттарга жетүүнүн, бийиктиктерди багындыруунун, чыгармачылык ачылыштардын жана билим берүү тармагында берекелүү түшүмдүн, ата-энелердин ишенимин арттырган ийгиликтерге бай болсун!
Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин жамааты.