Китеп ярмаркасы

Окуу китептеринин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана ата-энелердин былтыркы окуу жылы үчүн  сатып алган китептерин кайрадан окурмандарына жеткирүү, керектүү окуу китептерин ыңгайлуу баада сатып алуу максатында мектеп –лицейде  “Китеп ярмаркасы” уюштурулду. Ярмарка  ата-энелердин   окуу китептери үчүн сарптала турган чыгымдарын азайтып гана тим болбостон керек эмес окуу китептерин ортомчусуз сатууга шарт түзөт. 5-6-сентябрь күндөрүндө өткөрүлүп жаткан  китеп ярмаркасына бул жолу Оксфорд басмасынын  “Англис тили” окуу  китептери да сатыкка чыкты.   Китептер ортомчусуз, биринчи жана экинчи бөлүмдөрү  өз баасында сатылып, керектөөчүлөрдүн талабын орундатууда. Былтыркы окуу жылында сатып алып окуган окуу китептерин сатыкка окуучулар да алып чыгышып, керектүү китептерге алмаштырышты.  Окуу китептерди  сатып алууну адатка айландырган  ата-энелер мектепте мындай ачык ярмарканын уюштурулушуна ыраазычылыктарын билдиришип, өткөн окуу жылында сатылып алынган китептерди кайрадан сатыкка алып чыгуу, окулбай калуусун алдын алуу  философиясын  “Чыныгы педагогдук акылмандык” –деп белгилешти.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru