9-сентябрь Комуз күнү
Кыргыз элинин салттуу музыкасында өзгөчө орду бар, байыркы элдик аспап "Комуз күнүн" белгилөө жалпыбыз үчүн өзгөчө сыймык. Бул күндө мектеп-лицейибиздин комузчулар ансамбли Атай Огомбаевдин «Маш ботой», Болуш Мадазимовдун «Эргиме», Ыбрай Тумановдун «Жаш тилек» күүлөрү менен окуу күнүн баштап беришти. Философиялык мааниси терең, кыргыз элинин каада-салтын, турмуш-тиричилигин, маданиятын чагылдырган күүлөр мектеп ичинде жаңырып, комуз күнүн өзгөчө шаңга бөлөдү. Мектеп администрациясы окуучуларды таң эрте комуз күүлөрү менен эле тосуп албастан, комуздун тарыхы, баалуулугу, укумдан -тукумга мурас катары өтүп келе жаткандыгы туурасында да баяндап беришти. Анда комуз өнөрүн аркалоо аркылуу кыргыз элинин руханий баалуулуктарын даңазалоого, унутта калтырбай, муундан- муунга өткөрүүгө болоору айтылып, келечекте залкар комузчулардын чыгуусуна үмүттөр артылды.