Жаш окурмандар "Эрке кыз" бөбөктөр китебинин бет ачарында

Улуттук жазуучулар союзунун  уюштуруусу алдында  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, жазуучу, драматург Асангүл Абдыгулованын бөбөктөргө  арналган "Эрке кыз" китебинин бет ачарына мектеп-лицейибиздин 4-а классынын окуучулары катышып келишти. Жаш  окурмандардын көркөм адабий чыгармаларга болгон  кызыгууларын арттыруу, чыгарманы жазган инсандарды жакындан таануу жана алардын жан дүйнөсү менен баарлашып, ички дүйнөсүн байытуу  максатында   К.Баялинов атындагы "Балдар китепканасында"  чыгармачылык жолугушууга күбө болушту.  "Эрке кыз" китебиндеги негизги каармандар жана жаш бөбөктөргө болгон ата-эненин мээрими, күлкүлүү окуялар тууралуу  автор жаш окурмандарга  баяндап берип, бул күндөгү кызыктуу  учурлар туурасында жакын достору, бир туугандары менен бөлүшүүнү, дагы башка ушул сыяктуу бөбөктөр үчүн арналган китептерди көп окууну сунуштады. Жолугушууга Асангүл Абдыгулованын кызы,  "Азаттык" радиосунун журналисти Гүльнара Касмамбетова да келип, билим алууга  ушул курактан баштап  кызыгууну арттырып,  башка өлкөлөрдөн да билим алууга максат коюп, Мекен үчүн кызмат кылуу керектиги жана  Лондон шаары жөнүндө кызыктуу аңгеме куруп берди. Биздин окуучуларыбыз да  акын-жазуучуларыбыздын чыгармалары менен жашап,  күндө окуп, билим куржундарын байытууда экендигин ырастоо  максатында  манасчы Сапарбек Касмамбетовдун элесине арнап "Манас" айтып, комузда күү чертишип, көркөм ырлардан айтышты. Жазуучулар союзу жаш бөбөктөргө арнап өздөрүнүн китептеринен белек катары тартуулашып, Гүльнара Касмамбетованын үй бүлөсүнүн атынан таттуулар берилди. Окуучуларыбызга   авторлор менен жолугушуу болуп көрбөгөндөй жагымдуу жана жылуу маанайда тартууланып, шыктандырууну жаратты. Таазим, Сиздерге Урматтуу жаш окурмандардын сүйүктүү инсандары!

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru