“Ынтымак” кичи футболдук турнири

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде  Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Биринчи май, Октябрь, Свердлов жана Ленин райондорунун окуучуларынын арасында “Салам мектеп!”аталышындагы ыкчам алдын алуу  иш-чарасынын алкагында, жашы жете электер арасында “Ынтымак” кичи футболдук турнири өткөрүлдү.
Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылып,  мектеп-лицейибиздин таланттуу окуучуларынын чакан концерттик программасы менен коштолду. Футболдук турнирде Свердлов району I орун,  Биринчи май району II   орун, Ленин району III орун, Октябрь району IV орундарга ээ болушуп, кубок, дипломдор менен сыйланышты.
“Салам мектеп!”, “Ынтымак” кичи футболдук турниринин оюнчуларына, футбол сүйүүчүлөргө ийгиликтерди каалоо менен спорттук иш-чара жакшы маанайда жыйынтыкталды.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru