Jugendkurs 2024

Быйыл март айында ПАШ инициатива жарыялаган сынакта жеңүүчү болуп, Германиядагы «Jugendkurs 2024» лагерине катышууга мүмкүнчүлүк алдым. 28-июлдан 17-августка чейин бул лагердин жашоосуна аралашып, уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдиргим келет!

Биздин саякаттын биринчи багыты Гейдельберг шаары болду. Бул байыркы шаар өзүнүн архитектурасы жана улуу сарайы менен таасир калтырды. 

Андан кийин бизди Штутгарт шаары тосуп алды – заманбап жана динамикалуу шаар, ал жерде биз Mercedes-Benz музейин көрүп, шаардын активдүү жашоосунан ырахат алдык.

Пфорцхаймда биз университетке барып, ал жерде окуган студенттер менен жолугуштук. Алардан Германиядагы окуу-жай жөнүндө терең маалымат алдык. 

Айрыкча «Länderabend» кечесине өзгөчө көңүл бургум келет, бул биздин жүргөндөгү эң жаркын учурлардын бири болду. Бул иш-чаранын алкагында биз Кыргызстанды тааныттык,видеопрезентация жасап, улуттук бийлерди аткарып, катышуучуларды улуттук даамдар – курут, чак-чак жана кургатылган жемиштер менен сыйладык. Коноктор биздин тамактарыбыздын даамын жогору баалап, суктанышты.

Лагерь учурунда биз окуп, В1 деңгээлиндеги курсту ийгиликтүү аяктадык жана сертификаттарга ээ болдук. Бул окуу биз үчүн абдан маанилүү болду жана немис тили боюнча билимдерибизди терендеттик.

Бул саякат мен үчүн жаңы досторду табууга да сонун мүмкүнчүлүк болду. Биргелешкен иш-чаралар, оюндар жана маданий тажрыйба алмашуу биздин жүргөнүбүздү кызыктуу жана билим берүүчү кылды.

Айрыкча, ПАШ проекттин ассистенти Аида Нарынбек кызы кызына жана немис тилчи мугалимим Майрам Касаболотовага, ошондой эле мектеп администрациясына конкурска даярданууда көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Алардын иши жана насаатчылыгы мен үчүн абдан баалуу болду.

Бул Германияга болгон сапарым  менин дүйнө таанымымды кенейтип, мага немис тилин мындан ары тереңдетүүгө жана жаңы чокуларды багындыруу үчүн чоң мотивация берди!

 Максатбекова Медина

Толук маалыматты төмөнкү ссылка аркылуу да көрсөңүздөр болот:

https://youtube.com/shorts/98Vzvj6ocHU?feature=share

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru