Мектеп парламентинин ант берүү аземи

Бүгүн мектеп-лицейде  “Келечек” өзүн-өзү башкаруу окуучулар уюмунун  “Манас”, “Семетей” кошуундарынын президенти жана башка кызматкерлеринин  ант берүү аземине арналган салтанаттуу линейка болуп өттү. Парламентке талапкер болуп келишкен окуучулар өздөрүнүн жаңы идеяларын сунушташып, программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгышкан. Жыйынтыгында эң мыкты деп табылган долбоор, программалардын ээлери бүгүнкү күндө мектеп-лицейдин парламентиндеги маанилүү кызматтарга шайланышты. Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин “Келечек” өзүн-өзү башкаруу окуучулар уюмунун "Манас" кошуунунун президенти 11-б классынын окуучусу Санжар Сталбек, "Келечек” өзүн-өзү башкаруу окуучулар уюмунун “Семетей“ кошуунунун  президенти 7-е классынын окуучусу Махмудова Раяна шайланды. Салтанаттуу линейкада мектептин гимни жаңырып, таланттуу окуучуларыбыздын өнөрлөрү тартууланды. 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru