Даңктайм сени-эне тил!

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин кабыл алынышынын 35 жылдыгына карата мектеп-лицейдин  6-е классынын окуучулары Бишкек шаарындагы №18  Жоомарт Бөкөнбаев атындагы китепканада   "Даңктайм сени-эне тил!" аттуу  адабий кечеге катышышты.  Китепкана кызматкерлери окуучуларга кыргыз тилинин басып өткөн жолу, алгачкы кыргыз ариптери жана алардын жазылыш тартиптерине кеңири токтолушуп,  эне тилиндеги басылып чыккан алгачкы китептерди көрсөтүштү. Окуучулар китепкандагы көркөм адабий окуу китептер менен жакындан таанышуу менен бирге китеп сактоочу жайдын өзгөчөлүгү, китептердин сорттолушу  жана алардын системалаштырылышына күбө болушту.  Адабий кеченин  жүрүшүндө  окуучуларыбыз өздөрүнүн таланттарын тартуулашып, эне тилдин өзөгүн камтыган көркөм окууларды, ырларды аткарышып, комузда күү чертишти.  Мындай адабий кеченин уюштурулушу окуучулардын таанып билүүлөрүн, кеп маданиятын байытып,  позитивдүү мамиле курууга  жана  кыргыз тилиндеги китептерге болгон муктаждыктарын ойгото алды. Китепкандан  белек катары көркөм адабий китептер берилди.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru