Тилим менен мамлекет, улутмун!

23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Билим Берүү Академиясында  “Тил –улуттун паспорту” аттуу  иш чарага мектеп-лицейибиздин география мугалими  Токтоналиева Айша Соотбековна жана Кыргыз Илимдер Академиясынын  Филология  илимдер лабораториясынын башчысы Батыркулова Айгүл Бекмурзаевнанын  биргелешүүсүндө "Тилим менен мамлекет, улутмун" аталышындагы окуучулардын  концерттик программасы  менен катышышты.  Кеченин биринчи бөлүгүндө Кыргыз Билим Берүү Академиясынын  “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү” жана “Кара кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгына” карата жүрүп жаткан үч айлыгы туурасында сөз болду. Анда мамлекеттик тилде иштелип чыккан “Эң мыкты илимий методикалык эмгектер”, “Мыкты электрондук колдонмолор”, “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө менин салымым” эсселер, көркөм окуу, поэзия, проза жанрындагы чыгармаларга сынактар жарыялангандыгы  туурасында  айтылды. Бул сынактар ушул жылдын ноябрь айында  жыйынтыкталып,  келечек муун үчүн пайдалуу, маданий, руханий дүйнөсүн байыта турган эмгектер  эне тилибиздин куржунун толтураарына  ишеним артуу менен окуучуларыбыздын концерттик программадагы өнөрлөрүнө жогорку баа берилгендиги биз үчүн сыймык боло алды.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru