Эл дөөлөтү – эне тил!

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын жетекчилиги астында “Эл дөөлөтү – эне тил!”  аттуу  Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата арналган  иш чара жумушчу күнүбүздү ачып берди. Улуу көчтүн учугун улаган, улуу элдин басып өткөн жолун чагылдырган, анын ичинде эне тилдин кадыр-баркын даңазалаган сахналаштырылган көрүнүш  тартууланып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды. Мамлекеттик тил күнү  мындан туура 32 жыл мурун 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тили “Мамлекеттик тил” макамын алгандыгы, 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили “Мамлекеттик тил”, ал эми орус тили “Расмий тил” деп жарыялангандыгы туурасындагы  маалыматка  мектеп жетекчилиги токтолуп, кыргыз тилин кылымдарга кыр ашыруу керектигин белгиледи.  Окуучулардын аткаруусунда Кыргыз тилинин мамлекеттик гимни  ырдалып, көркөм окуулар, накыл кептер айтылды. Иш чара окуучулардын музыкалык ырлары, бийлери менен коштолду.

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru