Arduino курсу
И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети жана "УлутСофт" жоопкерчилиги чектелген коомунун биргелешкен демилгеси астында "Ардуиного киришүү" курсу уюштурулуп, мектеп- лицейибиздин бир катар окуучулары окуп, билим алышты. Курстун негизги максаты, балдардын техникалык чыгармачылыктарын ойготуу жана дизайндык ой- жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү болуп саналат. Балдар Arduino аппаратынын жардамында автоматтык робототехникалык системаларды түзүүнү, светодиоддуу байланыштарды туура туташтыруу жана программдык башкарууга жеткирүүнү өздөштүрүшөт. Мындай курстардын уюштурулушу жаш өспүрүмдөрдүн компьютердик технологияларга болгон кызыкчылыктарын ойготуп, шыктандырууну жаратат.