Жалпы ата-энелер чогулушу

Мектеп-лицейдин былтыркы окуу жылындагы аткарылган окуу-тарбия иштеринин жыйынтыктары, ийгиликтери жана быйылкы окуу жылында карала турган пландар, окуу жүктөмдөрү сыяктуу бир катар маселелер жалпы ата-энелер үчүн уюштурулган  чогулушта каралды.  Окуучунун, ата-эненин милдеттери, мектеп ичиндеги иштелип чыккан “Мектеп формасынын ЖОБОСУ”, жалпы класстык көзөмөлдөр, Тестирлөө борборлору менен иштешүү, Жалпы Республикалык тестирлөөгө катышуу жана “ЯКласс” окутуучу платформасы менен иш алып баруу маселелери ата-энелер менен биргеликте талкууланып, сунуш, ой- пикирлер кабыл алынды.  Жол коопсуздугун камсыдоо жана окуучулар арасындагы  тартип  эрежелерин сактоо иштерин колго алуу  максатында  Жаш өспүрүмдөр инспектору жана  Шаардык ички иштер башкармалыгынын адиси өз сунуштарын, кеңештерин айтышты. Чогулуштун жүрүшүндө  ата-энелер   мектептин ишмердүүлүгүнө өз ыраазычылыктарын билдиришип, педагогикалык жамаатка чыгармачылык ийгиликтерди каалап, жылуу сезимдерин билдиришти.

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru