Мамлекеттүүлүктүн калыптанышынын 100 жылдыгына утурлай
“Мамлекеттүүлүктүн калыптанышынын 100 жылдыгына утурлай” деген аталыштагы география-тарых кафедрасынын декадасынын ачылышы 30-сентябрдагы окуу күнүн ачты. Кыргыз Республикасынын Гимни ырдалып, Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө салым кошкон инсандар тууралуу тарыхый маалыматтар уктурулуп, патриоттук сезимдерди күчөтүүчү чакырыктар жаңырды. Алдыңкы он күндүктө тарых, география, адам жана коом предметтери боюнча окуучулардын интеллектуалдык, чыгармачылык, уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүчү конкурстар жарыяланып, ачык сабактар белгиленди. Жогорудагы предметтердин өзөгүн камтыган логикалык суроолордун топтому аба шарларына жашырылып, так жана мазмундуу жоопторго кызыктыруучу белектер берилди.