Карысы бардын-ырысы бар

Өзгөчө кызыктуу тарыхы бар,  жаш майрамдардын катарын толуктаган  Карылар күнү  мектеп-лицейде да майрамдалды. Өмүрлөрүнүн жарымын педагогика тармагына арнап, жаш өспүрүмдөрдүн кат сабатын ачууга эбегейсиз эмгектерин жумшаган,  ардактуу эс алуудагы ардагер мугалимдерибиз бүгүн кадырлуу коноктордун катарын толукташты. Бул күн улуу муундардын жетишкендиктерин эскерүү жана даңазалоо, улгайган адамдардын мүмкүнчүлүктөрү менен муктаждыктарына жаңыча көз караш менен кароого эң сонун учур болгондуктан концерттик программанын коштоосунда чакан белектер да тапшырылды. Ардагер агай-эжейлерибиз биз үчүн  патриоттуулуктун, берилгендиктин, мээримдүүлүктүн жана балдардын тилинде сүйлөөнүн татыктуу үлгүсү болуп беришти.   

Таазим сиздерге ардактуу ардагер агай-эжейлер!

Бүткүл дүйнөлүк карылар күнү куттуу болсун!

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru