Китеп-менин жан дүйнөм

Окурмандар арасында позитивдүү контентти түзүү  жана китеп сүйүүчүлөрдүн көңүл чордонунан орун ала турган,  ар кандай курактагы окурмандарга арналган маанилүү жана кызыктуу китептердин тизмеси менен  бөлүшкүбүз келди. Бул жолу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Сыдыкова Кален Султангазиевнанын  “Замандаштар”, “Аккан дүйнө”, “Эс тутум”, “Сыймыктуу кыргыз тарыхы”, “Кыргыздар жана индейцтер”, “Кыргыз тарыхы” аттуу китептери Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейдин китепканасында өз окурмандарын күтүүдө. Китептерден кыргыз элинин көөнөрбөс тарыхы,  улуттук нарк-насили, баалуулуктары, көчмөн империясы, кыргыз санжырасы, маданияты туурасында кызыктуу маалыматтарды алууга болот. Жазуучу Кален Сыдыкованын жеке турмушундагы орунттуу учурларын чагылдырган,  сүрөттөргө бай маалыматтар  “Эс тутум” китебинде берилген.

Мектеп үй бүлөлүк окууну жандандыруу максатында жогорудагыдай көркөм адабий окуу китептерди тынымсыз жарыялап келет. Чогуу китеп окуу жана окугандары тууралуу баарлашуу үй-бүлө мүчөлөрүн жакындатып, руханий жактан бириктирип, балдарды өз алдынча окууга тарбиялай тургандыгын сунуштайт. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн китепке болгон сүйүүсүн  ойготуп,  коомубуздун руханий, адеп-ахлактык, көркөм-эстетикалык жана патриоттук баалуулуктарына аяр мамиле жасаган инсандын  калыптанышына жардам берет. 

Кален Султангазиевнага  акыркы жылдарда жарык көргөн эмгектерин биз менен бөлүшкөндүгү, адабият куржунубузду байыткандыгы  жана мектепке тартуулагандыгы  үчүн  жалпы мектеп-лицейдин педагогикалык жамааты, окуучулар жана администрациясы тарабынан терең ыраазычылык билдиребиз. 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru