Мугалим- билим чырагы

Мугалимдин иши жер жүзүндөгү эң маанилүү, татаал жана асыл иштердин бири. Мугалим – педагогиканы,  окуу илимин өздөштүргөн адам гана эмес, ал психолог, педагог, насаатчы, методист, кеңешчи, ал эми акыркы жылдары өнөктөш жана жөн эле дос. Мугалимдик кесип бардык башка кесиптердин пайдубалын түзөт. Демек, өлкө турмушунун бардык тармагында иштей турган адистердин деңгээли, дүйнө таанымы, мекенчилдиги, атуулдук позициясынын калыптанышы  мугалимге байланыштуу. Мугалимдин  иши  жөн гана эмгек эмес, бул чыныгы чакырык, ага ачык жүрөк жана жан дүйнөсүнүн бардык мээримдүүлүгү менен гана кайрылуу керек. Жылуулугуңар, акылмандыгыңар, чынчылдыгыңар жана чоң сабырдуулугуңар үчүн рахмат Сиздерге ардактуу кесиптештер!

Сиздерге бакыт-таалай, ден соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.

Майрамыңыздар менен!

 

                                  Мектеп администрациясы

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru