Жашыл бакча багбаны 2024

Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгына карата  Экология, жерин таануу жана туризм борбору тарабынан уюштурулган  экологиялык сынактын алкагында   мектеп- лицейде “Жаш экологдор”  уюму тарабынан  “Жашыл бакча багбаны жана жашыл балкондор” көргөзмөсү уюштурулду. Анда  жашылча жемиштердин биздин жашоодо колдонулушу, алардан алынган суусундуктар, таттуулардын даярдалуу  технологиялары, кыргыз жергесинде өстүрүлгөн жер -жемиштердин көп түрдүүлүктөрү жана алардан даярдалган жаңы стилдеги тамак аш продуктуларын  жаш багбанчылар алып чыгышты. Жаш багбанчыларды  мектеп-лицейибиздин география мугалими, экологиялык "Көк толкун" ийриминин жетекчиси Токтоналиева Айша Соотбековна жетектеп келет.  

Көргөзмө мектеп окуучуларынын  экологиялык билимдерин тереңдетүү, жаратылыш ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдаланууга үгүттөө, айлана-чөйрөгө жана ден соолукка жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тарбиялоо максатын көздөйт.

“Жашыл бакча багбаны жана жашыл балкондор” көргөзмөсүндө И.Арабаев атындагы КМУнун  Табигый илимдер жана туризм институтунун ага окутуучусу Ниязова Нурифер Дурбөлөңовна,  ушул эле окуу жайдын “Экомуун” ийриминин жетекчиси Муктарбек кызы Бактыгүл,  КРнын РДЮЦЭФтин өкүлү Эмилова Айгерим конокто болушту.

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru