Internationale Deutsch Olympiade проектисиндеги эргүү

Мен, УИТМЛнин  9-к классынын окуучусу  Бекташева Акылай, быйыл IDO (Internationale Deutsch Olympiade) менен Германиянын Гёттинген шаарына 10 күнгө барып келдим. Немис тилин 5-класстан баштап үйрөнүүгө класс жетекчим Чороева Анипа эженин салымы зор. Анипа эженин мага болгон чоң үмүтү бар эле, ошону акташ үчүн болгон аракетимди жумшап   6- классымда А1, 8-классымда  А2 тепкичин “5” деген баага тапшырдым.

Гёттинген шаарынан  Япония, Кытай жана Косово өлкөлөрүнөн келген кыздар менен таанышып,  чогуу бир бөлмөдө жатып, көп баарлашып, бири-бирибизден ар кандай нерселерди үйрөндүк. Германиянын тамагын, поезддерин, жаратылышын көрүп абдан суктандым. Чынында, адам өз көзү менен көрүп, сезмейинче, ошол нерселерди толугу менен түшүнө албай тургандыгын билдим. Интернеттеги сүрөттөрдөн көргөн менен адам өз көзү менен көрүүсү, ошол ааламда болуусу өзүнчө эле керемет.  10 күндүн ичинде бири-бирине окшобогон 10 башка ар түрдүү  иштерди аткардык. Мисалы, таанышуу оюндарын ойноп, шаар ичине экскурсияга чыгып, атайын биз үчүн уюуштурулган  ачык асман астындагы концертке катышып,  акысыз уюштурулган  пицца, суусундуктарынан  даам татып, чогуу ырларды ырдап, музейге барып, экспонаттар боюнча экскурсия жүргүзүп, мыкты  көз ирмемдерди  өткөрдүк. Сейилдөө учурунда Германиянын  тамак-аштары менен таанышып, философиялык мааниси терең сувенирлерди алдык. Проектинин  акыркы күнүндө  коштошуу дискотекасы уюштурулуп,    ар бирөөбүз жөнүндө ойлорун  кагазга жазышып, конвертке салып, белек катары беришти. Кыскача айтканда, мунун бардыгы сөз менен берилбес убакыт. Бул аягы эмес, жана дагы көп жолу Германияга барып, көптөгөн нерселерди көрөм деп ишенем.

Ыраазычылык билдиргим келет,  мени ар  дайым колдоп келген  ата-энеме жана класс жетекчим Чороева Анипа эжеге. Мен азыркы абалга Сиздердин жардамыңыздар  менен гана келдим.   Ошондой эде Германия өлкөсүнө барууга  мүмкүнчүлүк түзгөн  Goethe-Institut жана алардын IDO проектине

ЧОҢ РАХМАТ!

Дагы да  көптөгөн жеңиштерге жетип, ийгиликтердин эшигин ача алам!

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru