Күз балы – 2024
Күзгү ачык түстөрдү, сулуулукту жана теңдешсиз күзгү атмосфераны айкалыштырган “Күз балы – 2024” конкурсу мектеп-лицейибиздин 4-класстар арасында уюштурулду. Табигаттын мыйзамына ылайык кызгылт сары, алтын күрөң, кочкул кызыл боёкторго айланган жалбырактардан жана башка материалдардан тигилген өзгөчө дизайындагы кече көйнөктөрүнүн жарышы, күзгү балдын эң кызыктуу учуру боло алды. Окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн чагылдырган жарышта талапкерлер күздөгү сулуулук, жаратылышты сүйүү, эстетикалык табит жана табигат менен достук мамиле туурасында ыр-бийлерди аткарышып, “Алтын күз” дубал газеталар жарышы боюнча ат салышышты. Конкурста күз мезгилинин кайталангыс көз ирмемдерин ачып, даңазалап бере алган класстарга алдыңкы орундар ыйгарылып, грамоталар тапшырылды. Чыгармачылык, тапкычтык, фантазиялык идеяларга бай "Күз балы-2024" жагымдуу эмоциялар менен жыйынтыкталды.