Күз берекеси
Бүгүн мектеп-лицейибиздин фойелери дан өсүмдүктөрүнөн, мөмө жемиштерден жасалган эмгектерге толуп, ажайып кооздукту жаратты. Алтын күздүн сыйкырдуу дүйнөсүн башталгыч класстын окуучулары өз колдору менен жасаган кереметтүү композициялары менен ачып беришти. Жашылча жемиштерден турган мультфилимдердеги жана жомоктордогу персонаждар, жаныбарлар, үйлөрдүн, тоо-таштын элестери эң жогорку деңгээлде даярдалып, кадимки жашылча музейинде жүргөндөй элес калтырды. Берекелүү күздүн символун чагылдырган клён жалбырагы мөмө жемишке толуп, “Миньондор шаарчасы” жомокко жетелеп, жаш бөбөктөрүбүздүн кол өнөрчүлүк, фантазиялык жаратмандыктары бардык мектеп катышуучуларынын көңүлүн буруп, суктандырды. “Алтын күз” көргөзмөсү жогорку деңгээлдеги чыгармачылык идеяга бай, не бир түркүн күзгү боёкторду камтыган композиция деп бааланды.