"Түрк дүйнөсү: Инсандык руханий маданият" илимий-практикалык конференция

Кыргыз билим берүү академиясы «Билим Ордо» коомдук-интеллектуалдык фонду жана профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи 2024-жылдын 4–5-ноябрында «Түрк дүйнөсү: Инсандык руханий маданият» деген темадагы эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулуп жаткандыгын кабарлайт. Илимий конференцияга жаш илимий изилдөөчүлөрдү, окуучуларды,  студенттерди, чыгармачыл изденүү менен эмгектенген мугалимдерди жана окумуштуу педагогдорду   илимий макалалары менен чыгууга чакырат.  Илимий-практикалык конференциянын секциялары:

1-секция. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар.

2-секция. Руханий баалуулуктар жана идеалдар: жакшылык, сүйүү жана адилеттүүлүк.

3-секция. Коомдо калыптанган жана муундан муунга өткөн каада-салттар жана үрп-адаттар.

4-секция. Ишенимдер: адамдын руханий жана диний маселелерге болгон мамилеси.

5-секция. Эстетикалык табиттер жана артыкчылык берүүлөр: искусство жана маданият.

 6-секция. Интеллекттик деңгээл: руханий маданияттуулук, билимдүүлүк жана чыгармачылык жөндөм.

7-секция. Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнүн тарыхый өнүгүүсү

Илимий-практикалык конференцияга катышуучунун каттоо картасы жана илимий макалалардын электрондук версиялары 2024-жылдын 20-октябрына чейин төмөнкү электрондук почталарга жиберилүүгө тийиш: aigulbeishenakun@gmail.com; elebesova 312@gmail.com Бул мөөнөттөн кечиктирилген илимий баяндамалар кабыл алынбайт. Байланышуу телефондору: +996(550) 231-803; +996(500) 605-408; +996(777) 605-408 (WhatsApp); +996 777 808 901 (WhatsApp).

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru