Ак илбирс Кыргыз Республикасынын улуттук символу

И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту жана Республикалык “Экология, жерин таануу жана аймактык туризм өспүрүмдөр борбору”, “NABU” эл аралык уюму тарабынан 23-октябрь Бүткүл дүйнөлүк Ак илбирсти коргоо күнүнө арналган “Ак илбирс Кыргыз Республикасынын улуттук символу” аттуу мектеп окуучулары арасында уюштурулган сүрөт сынагынын кереге отурумуна  мектеп -лицейибиздин “Жаш экологдор” ийриминин окуучулары катышышты. Отурумда Ак илбирске келтирилип жаткан коркунучтар, алардын байырлаган жерлери жана шарттары туурасында баяндамалар уктурулуп, окуучуларыбыздын сүрөт сынагындагы жетишкен ийгиликтери  бааланды. Анда 7-ж классынын окуучусу Жакыпбекова Айдана 1-орун, даярдаган мугалими Орозалиева С., 6-е классынынын окуучусу Бейшекова Айхан 3-орун, Мирзоалиев Муса 4-орун, даярдаган мугалими Токтоналиева А.С. жана 6-г классынын окуучусу Таласбекова Арууке 4-орун, мугалими Каимова А. Ошондой эле  Базаркулов Байзак, Норсекова Бекзадалар сынакка  активдүү катышып беришти. Сынактын шарттарын жана талаптарын так аткарууга жетишкен жогорудагы окуучуларыбыздын  сүрөт жаатындагы чыгармачылык  эмгектери  отурумда жакшы пикирлерди жаратты.

Мектеп окуучулары арасындагы Республикалык сүрөт сынагында мектеп-лицейдин атын чыгарып,  алдыңкы орундарды  багындырган окуучуларга, жетектеген мугалимдерге  жана опол тоодой эмгек жумшаган “Жаш экологдор” ийриминин жетекчиси Токтоналиева Айша Соотбековнага мектеп жамааты тарабынан ыраазычылык билдиребиз!

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru