Информатика, физика предметтеринин декадасы
Мектеп-лицейибизде 2024-жылдын 14-октябрынан 25-октябрга чейинки аралыкта информатика, физика предметтеринин декадасы болуп өттү. “Санариптик доордогу криптография” жана “Физика-замандын технологиясы” деген темаларда декаданын ачылышы уюштурулуп, азыркы учурдагы компьютердик программалоонун күнүмдүк жашоодогу орду, мааниси чагылдырылды. Физикалык кубулуштардын өзөгүн камтыган логикалык суроолор катылып, музыкалык ырлар менен коштолду. Декаданын жүрүшүндө бир нече ачык сабактар, класстан тышкаркы иштер, тарбиялык сааттар, конкурстар өткөрүлүп, окуучулардын предметтерге болгон кызыгууларын ойготуу менен бирге алардын чыгармачылык жөндөмдөрүнүн байышына шарттар түзүлдү. Өзгөчө балдардын өз алдынча иштөөсүнө, жеке, топтук жана жамааттык ишмердүүлүккө катышуусуна, ыктыярдуу эмгекти аткаруусуна басым жасалды. Бул күндөрдө физика жана информатиканын адам баласынын жашоосундагы ролу, башка предметтер менен байланышы, баалуулугу, зарылдыгы даңазаланып, позитивдүү активдүүлүк өкүм сүрдү. Декада “Акыл-Ордо” интеллектуалдык оюну менен жыйынтыкталды.