Жарык келечек үчүн бирге-Gemeinsam für eine helle Zukunft
Германиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланып, чет өлкөдөгү немис мектептери боюнча борбордук агенттиги жана Гёте институту тарабынан колдоого алынып, «Борбордук Азиядагы жана Түштүк Кавказдагы Күн мектептери жана Күн университеттери, ENABLING PV» коммерциялык эмес долбоорунун алкагында мектеп-лицейде колдонууга күн батареясы орнотулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Касымалиев Муратбек Усонакунович, Германия Федеративдик Республикасынын элчилигинин дипломатиялык миссиясынын башчысынын орун басары Константин Зеленти, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору Кырбашева Кундус Бергеншаевна жана Гёте институту боюнча билим берүү эксперти Александра Смитстер катышышты.
Иш чаранын жыйынтыгында "Жарык келечек үчүн бирге" аталыштагы концерттик программа мектеп-лицейдин окуучулары тарабынан коюлду.