Түрк дүйнөсү: Инсандык руханий маданият

Кыргыз билим берүү академиясы «Билим Ордо» коомдук-интеллектуалдык фонду жана профессор  А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп - лицейи менен биргеликте Түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы орто билим берүү уюмдарынын окуучуларынын жана мугалимдеринин, студенттердин жана окумуштуу педагогдордун «Түрк дүйнөсү: Инсандык руханий маданият» деген темадагы эл аралык илимий – практикалык конференция өттү. Конференцияда Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министринин орун басары Касымалиев Муратбек Үсөнакунович сөз сүйлөп, илимге дилгир, билимдүү жаштар кыргыз элинин эртеңки келечеги экендигине токтолду. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө», «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) жөнүндө» жарлыгы Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын» жана «2022–2027-жылдарга Улуттук наркты сактоо, өнүктүрүү жөнүндө улуттук программасынын» алкагында өткөрүлүп жаткан эл аралык  илимий – практикалык конференцияга жаш илимий изилдөөчүлөр  жогорку деңгээлдеги  макалалары менен ат салышышты. Пленардык отурумда  Түркия мамлекетинен Измир демократия университетинин доценти, илимдин доктору Хюсню Чагдаш Арслан “Дивану Лугати'т-Түрктүн тарыхый баалуулугу”,  Казакстан Республикасынан  педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Тастанбеков Мурат Мейрбекович «Кожо Акмат Ясавинин мөөрүнүн көөнө эн тамгасы» аталышындагы илимий макалалары менен онлайн форматта  бөлүшүштү. Чыгармачыл  педагогдордун жана студенттердин макалалары жаңырып, кызыктуу маалыматтар айтылды.

Илимий конференцияга катышкан бир катар мектептердин окуучуларына жана илимий изилдөөлөрдүн жетекчилерине грамоталар тапшырылып, алдыңкы орунду багындырган окуучуларга биринчи даражадагы дипломдор ыйгарылды. Эл аралык илимий – практикалык  конференцияны жогорку деңгээлде жетектеп, уюштуруп, алып барган  педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Билим берүү академиясынын Социалдык-гуманитардык билим берүү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери Элебесова Айгүл Бейшенакуновнага терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru