Акыл-Майдан
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө" жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп -лицейинин 10-11-класстарынын окуучуларынын арасында интеллектуалдык оюн уюштурулду. Иш-чараны аталган мектеп менен "Акыл-Майдан" өспүрүмдөр кубогу уюштуруп, окуучулардын интеллектуалдык, маданий, руханий жана адеп-ахлактык жактан өнүгүүсүн, тарыхый мурастарга кызыгуусун арттыруу менен бирге билим күчүн сыноого багытталды. Оюнда команда ичинде аткарылуучу тапшырмалар кызыктуу талкуу жаратып, позитивдүү эмоционалдык кырдаал тартуулады. Командалык оюн окуучулардын өз ара ынтымагын, биримдүүлүгүн жана ар түрдүү тармактагы суроолорго кызыктар, билимдүү, оперативдүү топтордун түзүлгөндүгүн көрсөтө алды. "Акыл-Майдан" билим жарышында жеңишке жеткен командалар "Биринчи", "Экинчи", "Үчүнчү" даражадагы дипломдор менен сыйланышты.