Jugend Camp лагериндеги эргүү
2024-жылдын 27-октябрынан 3-ноябрга чейин Гёте -Институту тарабынан уюштурулган «Jugend Camp» лагеринде болгонума өтө кубанычтамын!
Алгач, Алматы шаарына барып, Астанага поезд менен жеттик. Бизди ал жерден Гёте - Институтунун өкүлдөрү тосуп алып, андан ары карай Акмола областына караштуу «Бурабай» аттуу курорттук эс алуу жайына коштоп барышты. Бурабайга болгон сапарым мен үчүн чыныгы ачылыш болду. Бул жер табият менен маданият айкалышып, үйрөнүү жана баарлашуу үчүн өзгөчө атмосфера жараткан, кереметтүү жер экен. Бурабайдын кооз жерлерине экскурсияларга барып, бул аймактын тарыхы жана маданияты менен жакындан тааныштык. Немис тилин тажрыйбалуу, мыкты мугалимдер окутушуп, биздин жөндөмүбүздү жакшыртууга жардам беришти. Сабактарды кызыктуу жана көңүлдүү кылган, Германиядан келген, тил жардамчылары Элиас жана Филипп да чоң роль ойношту.
Психологиялык тренингдер бизге өз эмоцияларыбызды түшүнүүгө жана башкалар менен тил табышууга көмөк көрсөтүштү. Театр сабактары чыгармачылыкка шыктандырып, актёрдук жөндөмүбүздү өнүктүрүүгө жардам берди.
Айрыкча, жаңы достор менен баарлашуу баа жеткис көз ирмемдер болду, биз бири-бирибиз менен окуяларыбызды жана кубанычыбызды бөлүштүк. Лагерь аяктаганда сертификаттар менен сыйландык. Бул-сапарыбыздын сонун жыйынтыгы десем жаңылышпайм!
Ушундай уникалдуу тажрыйбага катышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бергендиги үчүн Гёте - Институтуна, айрыкча биздин мектептин координатору Аида Нарынбек кызына жана мугалимим Майрам Касаболотовага, ошондой эле мектеп администрациясына колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем!
Казакстан Республикасына болгон сапарыбыз менин дүйнө таанымымды кеңейтип, немис тилин мындан ары тереңдетүүгө жана жаңы чокуларды багындыруу үчүн чоң мотивация берди.
А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар
мектеп-лицейинин окуучусу Максатбекова Медина