Шахмат турнири
Шахмат сүйүүчүлөр үчүн мектеп-лицейде 8-11-класстардын арасында шахмат турнири өткөрүлдү. Оюндун кызыктуу жана позитивдүү маанайда өтүүсү үчүн тийиштүү шарттар түзүлүп, зарыл болгон жабдыктар менен толукталган. Турнирге 57 окуучу катышып, калыстар тобунун кылдат баалоосунун негизинде оюндун эрежелерин так аткарган жана убакытты туура сактап, жеңишти багындырган окуучулар кубоктор жана мактоо барактары менен сыйланышты.
I орун Төлөнбеков Азим 9-е класс
II орун Учкуртаев Элмырза 9-ж класс
III орун Асылбеков Абдурахим 10-г класс
IV орун Орозбеков Ыймар 11-ж класс
V орун Кожнов Акниет 8-и класс татыктуу болушту.
Окуучулардын акыл эмгегин өстүрүү, стресске туруктуулукту жогорулатуу, кыйынчылыктарды жеңүү жөндөмүн өнүктүрүү жана логикалык ой - жүгүртүүлөрүн байытуу максатында уюштурулган бул турнир ишемби күндөгү убакытты туура пайдаланууга багытталган. Оюн учурунда бири-бири менен кызыктуу талкуу жүргузүшүп, достук мамилелери күч алды.
Шахмат – бул татаал көп баскычтуу логикага негизделген оюн жана өзүнүн катуу мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык иштеген оригиналдуу оюн дүйнөсү.