11-декабрь Эл аралык тоолор күнү
УИТМЛдин Жаш экологдору "Көк толкун" ийриминин окуучулары 11-декабрь Эл аралык тоолор күнүн белгилешти. Алар жаратылыштагы тоолордун маанисин, экосистемаларга тийгизген таасири, климаттын өзгөрүүсү жөнүндө кызыктуу маалыматтары менен бөлүшүшүп, окуучулар үчүн суроолор жарышын уюштурушту. Дүйнөдөгү эң бийик тоолор, алардын азыркы кездеги экологиялык абалы боюнча Алибаев Адахан жана Максатбеков Султан далилдүү фактыларды чагылдырышып, Сабирова Айзирек жана Алыкулова Фатима Алыкул Осмоновдун "Тоолор" ырын көркөм окушту.
11-декабрь Эл аралык тоо күнү катары белгиленип, 2003-жылдын январында БУУнун 57-Башкы Ассамблеясынын чечими менен бекитилген.