Китеп окуу — адамды өнүктүрүүдө руханий курал

12-декабрь "Адабият күнүнө"  карата   мектеп-лицейде  «Китеп окуу — адамды өнүктүрүүдө руханий курал» аттуу тегерек стол уюштурулду. Окуучуларды китеп дүйнөсүнө тартуу үчүн китеп окуунун  мааниси,  адамдын акыл-эсин жана руханий дүйнөсүн өстүрүүдөгү ролу туурасында  ой пикирлер,  сунуштар  ортого салынып,  сырттан келген коноктор, окуучулар, мугалимдер ортосунда  талкуу жүрдү. Катышуучулар китептерди тандоо, окулган китептерден сабак алуу жана аларды жашоодо колдонуу боюнча өз пикирлерин бөлүшүп, тажрыйба алмашышты. Мындан тышкары, «Книголюбы» аттуу китеп клубу да катышып, өздөрүнүн китеп окуу жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп кетти.
Соңунда китеп окууга чакырган чакырыктар айтылып, баарлашуу жылуу маанайда аяктады.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru