Мамлекет жана маданият деген эмне?

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев  Мелис  Казакбаевич  8-11-класстын окуучулары үчүн  “Мамлекет жана маданият деген эмне?”  аталышындагы   лекция  сабагын өтүп берди.  Ал өз сөзүндө "Маданият менен мамлекет  бири-биринен ажыратып кароого мүмкүн болбой турган тутум. Ар кандай маданий ишмердүүлүк жана ошого жараша маданиятка салынган ар кандай инвестиция сөзсүз социалдык-экономикалык эффектке ээ жана бүтүндөй коомго пайда алып келет.  Кыргыз элинин улуттук кызыкчылыктарын ишке ашырууда маданиятты мамлекеттүүлүктүн негизи, коомдук туруктуулуктун, экономикалык өсүштүн жана улуттук коопсуздуктун ресурсу катары жаңыча түшүнүү керек.  Өз улутубуздун маданиятын көтөрүүдө өз эне тилибизди кадырлап, күнүмдүк турмушубузда  адабий тилде баарлашууга  басым жасоо менен билимдүүлүккө умтулуу зарыл" –деп белгиледи. Окуучулар үчүн беделдүү инсандардын сабак өтүүсү окуучулардын илим-билимге болгон кызыгууларын ойготуп, шыктандырууну жаратты.

Жалпы педагогикалык жамааттын жана окуучулардын атынан   Мураталиев Мелис Казакбаевичке ыраазычылык билдиребиз.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru