Насаатчылык таалим
Кесиптик ишмердүүлүктө кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берүүнүн көптөгөн жолдору бар, алардын бири насаатчылык. Мектеп-лицейде насаатчы мугалимдердин профессионалдык ишмердүүлүктөрүн жайылтуу жана жаш кадрлардын педагогикалык куржунун толтуруу максатында көрсөтмөлүү сабактар өтүлүп жатат. Сабактар 2024-жылдын декабрь айына пландалып, бекитилген. Бул ыкма жаш адистердин кесиптик такшалуусуна көмөк көрсөтүү менен бирге мектептин кадрдык сапатын бекемдөөгө чоң өбөлгө берет.
Урматтуу Насаатчы мугалимдер!
Жаш адистерге предметтик, адистик жана окутуу методикасы жаатындагы билимиңиздер менен бөлүшүп, чыгармачылык жигердүү эмгекчилидигиңиздерди, энергияларыңыздарды тартуулап, сабактарды жогорку деңгээлде уюштургандыгыңыздар үчүн мектеп администрациясы терең ыраазычылык билдирет.